20-январда өлкө боюнча ала булут каптап, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы унаа жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөнкүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +2°C
Талас облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -7°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн -6°C
Баткен облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -23°C
Бишкек шаары. Күндүз +11°C, түнкүсүн -2°C
Эскертүү!
2014-жылдын 19-январынан 21-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-чакырым, 198-265-чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-чакырым, 145-150-чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырым), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100-чакырым) унаа жолдорунда кар көчкүнүн түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.