ДНКнын түзүлүшүн ачкандардын бири Жеймс Уотсон каза болду

ДНКнын түзүлүшүн ачкан америкалык окумуштуу Жеймс Уотсон бейшемби күнү, 6-ноябрда 97 жашында каза болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

20-кылымдагы белгилүү окумуштуу жана биолог, генетик Уотсон ДНКны ачкандардын бири катары белгилүү. Ал 1953-жылы Фрэнсис Крик менен бирге анын түзүлүшүн чечмелеген. 1962-жылы ал бул ачылышы үчүн "Нобель" сыйлыгын алган. Ал мындан тышкары да бир катар сыйлыктарга татыган.

1990-жылдардан бери Уотсон бир катар талаш-тартыштуу расисттик билдирүүлөрдү жасап келген. Атап айтканда, ак жана кара денелүү адамдардын интеллектуалдык деңгээлдери ар башка экенин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан