Кафеге чогулушуп... ИИМ депутаттыкка талапкер добуш сатып алууга аракет кылганын маалымдады

Ички иштер министрлиги Жоргорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аркет кылганы аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, кезексиз парламенттик шайлоого №3 шайлоо округу боюнча катышуу ниетин билдирген 45 жаштагы киши (К.С.) тарабынан жарандарга үгүт иштери жүргүзүлүп, акча берүүнү убадалаган. Ал 24-октябрда 15тен ашык адамды Бишкектеги Касымалы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайлардын бирине чогулткан. Алар ал күнү аталган жайда 18:00дөн 21:30га чейин болушкан. Талапкер чыгымдарды жабуу үчүн тамактануучу жайга 19 миң 300 сом төлөгөн.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголуп, ошол жерде болгондордун бардыгы Бишкек милициясына жеткирилишкен. Тергөөдө шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана мыйзамсыз үгүт иштери боюнча толук маалымат алынган.
Кечээ, 7-ноябрда талапкерге жогоруда козголгон кылмыш иши боюнча айыбы угузулуп, башка жакка кетпөө тил каты менен коё берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
ИИМ депутаттыкка талапкер добуш сатып алууга аракет кылганын маалымдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан