Ош шаарынын Абдыкадыров атындагы көпүрөсүнүн (Алымбек датка көчөсү тарабындагы) бир тарабындагы жаңы жасалган тепкичти талкалаган жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан бул ишке тиешеси бар 43 жаштагы аял Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аял ошол даректеги бизнес-борборго иши менен келип, жумушу бүткөндөн кийин өзүнүн Lexus-570 үлгүсүндөгү унаасы менен тепкичти сүзүп алганын билдирген. Ал коркуп кетип, окуя болгон жерден кетип калгандыгын айткан.
Бүгүнкү күндө айдоочу келтирилген чыгымды толугу менен төлөп берген. Мындан тышкары, Ош ШИИБинин кайгуул кызматы тарабынан жол-транспорт кырсыгын жаратып, материалдык зыян келтиргендиги үчүн 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.