"Кальмар оюну" тасмасындагы 81 жаштагы актёрго тагылган айыптоо жокко чыкты

Түштүк Кореядагы апелляциялык сот 81 жаштагы "Кальмар оюндары" сериалынын актёру О Ён Су сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча тагылган айыптан акталганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, ал мурда 8 айга шарттуу соттолгон, бирок апелляция менен чечим жокко чыгарылды. Сот алгач сегиз айга камакка алып, кийин жаза мөөнөтүн узарткан.

Айыптоочунун айтымына караганда, окуя 2017-жылы болгон. Анда О Ён Су жаш кесиптешин үйүнүн жанында эркине каршы кучактап, өпкөн. Ал эми актёр күнөөсүн моюнуна алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан