Москва шаарында Орусиянын Aidol деп аталган биринчи антропоморфтук роботунун презентациясы өттү. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, бул робот жаңы технологиялык коалиция тарабынан иштелип чыккан жана жасалма интеллект менен жабдылган. Робот толук офлайн режимде иштей алат жана эмоцияларды көрсөтө алат.
Бирок презентация ийгиликсиз аяктаган. Видеодон байкалгандай, робот сахнага араң чыгып, көрүүчүлөр менен саламдашкан соң, кулап түшкөн. Уюштуруучулар роботту сахнадан көтөрүп алып кетишкен. Учурда роботтун абалы боюнча маалымат бериле элек.