Кытайда 760 метрлик көпүрөнүн бир бөлүгү кулап түштү (видео)

Кытайдын түштүк-батыштагы Сычуань провинциясында жакында ачылган көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү. Көпүрө өлкөнүн борбордук аймактарын Тибет менен туташтырат. Алгачкы маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон жок.

China Daily басылмасынын маалыматына караганда, 10-ноябрда көпүрөдөн жер көчкүнүн белгилери байкалган. Аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Көпүрө жабылып, ал эми көпүрөдө калып кеткен унаалар эвакуацияланган.

11-ноябрда күндүз тоодон ири жер көчкү түшүп, көпүрөнүн подъезд эстакадасы, тирөөчтөрү кулаган.

"Хунци" көпүрөсүн Sichuan Road & Bridge Group компаниясы куруп чыккан. Курулуш жыл башында бүткөрүлгөн.

Кытайда 760 метрлик көпүрөнүн бир бөлүгү кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан