Ош шаарында спорттук туризм боюнча Дүйнө кубогуна старт берилди

Ош шаарында алгачкы жолу спорттук туризм багытындагы Дүйнө кубогунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров, спорт федерацияларынын жана эл аралык федерациялардын өкүлдөрү, ошондой эле жаш спорт сүйүүчүлөр катышышты.
Катышуучулар Керме-Тоо кырка тоосунун боорунда тоого чыгуу жана түшүү, тоо шартында жабыркагандарды куткаруу ыкмалары жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.
Анда маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, катышуучулар тарабынан кызыктуу мастер-класстар уюштурулду.
Бул ири спорттук иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Кыргызстандын курама командалары катышууда. Кубоктук мелдештер 16-ноябрга чейин Керме-Тоо кыркасында уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан