Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы беттешти жеңиш менен баштады

Кыргызстандын 23 жашка чейинки футболчулардан куралган жаштар курама командасы "Манас кубогундагы" алгачкы оюнунда жеңишке жетишти. Турнир бүгүн, 12-ноябрда Манас шаарында башталып, анда төрт өлкөнүн командалары катышууда.

Биринчи турда кыргызстандык футболчулар Бахрейндин жаштар командасына каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Оюндун башында коноктор эсепти ачышкан, андан кийин алар пенальти тебүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышты.

Кыргызстандын курамасынан Арсен Шаршенбеков 30-мүнөттө эсепти теңеп, Антон Полев 42-мүнөттө бурчтан берилген топту дарбазага киргизип, жеңиш голун жаратты. Натыйжада кыргыз командасында 3 упай топтолду.

Ал эми ушул эле күнү өткөн Орусия менен Ирандын беттеши 2:0 эсебинде орусиялык команданын пайдасына жыйынтыкталды. Экинчи турдун оюнунда Кыргызстандын жаштар командасы 15-ноябрда Иран менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан