Кечээ, 12-ноябрь күнү Ош облусунун Араван районунун 90 жылдык мааракесине карата райондун Гүлбар айылында индустриялык өнөр жай аймагын түзүү боюнча пайдубал түптөө аземи өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жана Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев катышты.
Мааракенин алкагында райондо бир убакта 9 өндүрүш ишканасынын курулушуна старт берилип, аларга капсула салынды. Курулуп жаткан ишканалар ишке берилгенден кийин 350дөн ашуун жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот.
Араванда өнөр-жай аймагынын түзүлүшү район экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатууга багытталган.