Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, борбор калаада көмүрдүн баасы тоннасына 5800 сомдон 8000 сомго чейин сатылууда.
Мэриянын Отун жана энергетика департаментинин маалыматы боюнча, алдыдагы жылытуу сезонуна борбор калаанын тургундарын камсыз кылуу үчүн 240 200 тонна көмүр сатып алуу пландаштырылууда. Ушул жылдын 11-ноябрына карата 159 430 тонна көмүр сатылып алынды, бул пландын 66,3 пайызын түзөт. Көмүр сатып алуу ушул жылдын июль айында башталып, жылдын аягына чейин уланат.
Учурда калган көмүр запасы төмөнкүдөй:
• отун кампаларында – 3741 тонна;
• стационардык сатуу пункттарында – 195 тонна;
• "Кыргызкөмүрдүн" отун кампаларында – 350 тонна.
Отун-энергетика департаменти Энергетика министрлиги, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Муниципалдык инспекция, ошондой эле акимчиликтердин жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү менен биргеликте отун кампаларын жана көмүр сатуу пункттарын текшерди.
Текшерүүлөрдүн максаты - катуу отун запастарын текшерүү, чекене бааларды көзөмөлдөө жана 0-13 миллиметр үлүштөгү көмүрдү сатууга, сактоого жана колдонууга тыюу салуу болгон. Анын жүрүшүндө көмүрдүн баасы өндүрүштүн сортуна жана жайгашкан жерине жараша тоннасына 5800 сомдон 8000 сомго чейин экени аныкталган.
Бишкек шаарында калкка көмүр сатуу үчүн 10 отун кампасы жана бир катар стационардык сатуу пункттары иштейт.
Отун базалары:
Ленин району:
Октябрь району:
Свердлов району:
Көмүр сатуучу стационардык пунктар:
Свердлов району:
Октябрь району:
Биринчи Май району: