Гиннестин рекорддор китебине бир нече ирет киргизилген америкалык жаран 30 секунд ичинде 65 бадыраңды сындырып, жаңы рекорд орнотту.
АКШнын Айдахо штатында жашаган Дэвид Раш үзгүлтүксүз түрдө Гиннестин рекорддор китебине киргизилип келет. Жалпы эсеп менен ал буга чейин 300дөн ашык рекорд койгон.
Жакында ал Испаниядагы популярдуу El Hormiguero шоусуна катышып, 30 секунд ичинде 65 бадыраңды сындырып, мурунку рекордун жаңыртты. Буга чейин ал ушул эле убакыт ичинде 50 бадыраңды сындырган.
Раштын айтымында, анын мындай рекорддук көрсөткүчтөрү илим жана билимди популяризациялоого багытталган.