Тоңдо мектепке караштуу баасы 2 миллион сомдук жер жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды

Ысык-Көл облусунда жеке менчикке өтүп кеткен мектептин жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалым болгондой, Тоң районунун Ак-Сай айылында жайгашкан Турусбеков атындагы орто мектебине тиешелүү 1989,31 чарчы метр жер тилкеси 2002–2003-жылдары мурдагы Күн-Батыш айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 1,9 миллион сомду түзгөн аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан