Интернет желесинде Бишкекте жолдун ортосунда эрежесиз эр уруш уюштургандардын видеосу тарады. Анда эки айдоочу жол талашып, пикир келишпестик бири-бирине кол көтөрүү менен жыйынтыкталды. Башка жарандар аларды арачалап, мушташты токтотушту.
Ак Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыкканда алдынан сары ошондой эле үлгүдөгү унаа чыгып жол бербей койгондугун күбөлөр билдирди. Тилкеден качпай койгон айдоочу сабалганы да кошумчаланды.
Эки эргулдун бул жоругу боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.