"Көмүр кенен". Энергетика министри көмүр кендеринин ишин текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Нарынга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Кара-Кече жана Ак-Улак көмүр кендеринин аткарып жаткан иш-аракеттерин жеринде текшерди. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Ибраев Кара-Кечеге жеке жүк унааларды мамлекет бекиткен баадан жогору сатышканы үчүн киргизбөө чечими кабыл алынганын билдирди. Ал учурда жеке тараптар социалдык объекттер үчүн гана көмүр ташып жатканын белгиледи.
"Көмүр кенен. Быйыл 400-500 тоннага көбүрөөк өндүрөбүз. Кыргыздар суук түшкөндө гана көмүрдү ала баштайбыз. Ошондуктан жүк ташуучу унаалар башында көп келип, кезек жаралды. Бүгүнкү күндө бардыгы өз нугуна түштү", - деди ал.
Ошондой эле министр Ак-Улак кенинде казылган көмүрлөрдүн 30 пайызы ЖЭБге ташылып жатканын айтты.
Энергетика министри көмүр кендеринин ишин текшерди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munar1980
2025-11-18 08:50:00
Кана ошол кенен көмүр жалал абадта кымбат болуп жатат 11.50 -12 сом болуп жатат көзөмөлдөгөн орган барбы деги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан