Малайзиялык үй-бүлөнүн жашаган жеринен 60 килограммдык жылан табылганын чет элдик басылмалар жазышты.
Жыланды үй-бүлөнүн 15 жаштагы кызы мектептен кайтып келип, ажаткананын шыбы бузулганын байкагандан кийин көрүшкөн. Атайын кызматкерлер чакырылып, сойлоочуну үйдөн чыгарышкан.
Үй-бүлө сойлоочу үйгө бакчадан ачык эшик аркылуу кирген болушу мүмкүн деп эсептейт.