Орусияда мектеп окуучусу мугалимин кайчы менен жарадар кылган

Орусиянын Челябинск облусунда мектеп окуучусу дене тарбия мугалимин тырмак кайчысы менен жарадар кылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кыз дене тарбия сабагына шортысыз келгенин айтып, мугалим аны шылдыңдай баштаган. Кыз залдан качып кетүүгө аракет кылган, бирок мугалим аны чыгарбай койгондуктан, чөнтөгүнөн тырмак кайчысын сууруп чыгып, мугалимин сайып салган.

Тескөөчүлөр мугалимдин "моюну менен акырек сөөгүнүн ортосунда жеңил жаракат алганын" жана мугалим "кызды жоопкерчиликке тарткысы келбей турганын" тактады.

Облустук прокуратуранын басма сөз кызматы РИА Новостиге окуя боюнча билим берүү мыйзамдарынын сакталышы боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан