Малайзияда эки жашар баланы уулуу медуза чагып алгандан кийин каза болду

Малайзияда эки жашар орусиялык баланы уулуу медуза чагып алгандан кийин каза болду. Бала төрт күн реанимацияда жаткан, бирок аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Хабаровск шаарынан келген үй-бүлө Лангкави аралында эс алып жүргөн. Алар пляжга барышып, бала сууда сүзүп жүргөндө медуза чагып алган. Бала оорудан кыйкырып жиберген. Атасы аны жээкке алып чыккан. Бирок ал учурда уулу дем албай калган. Башка туристтер жана куткаруучулар да кошулуп, жараатты уксус менен жууп, аны Султанах Бахия ооруканасына жеткиришкен.

Бала оор абалда төрт күн реанимацияда жаткан, бирок аны сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан