Чехияда эки жүргүнчү поезди кагылышып, 42 киши жаракат алды. Бул тууралуу Ceske noviny басылмасы жазды.
Окуя Прага шаарынан болжол менен 150 чакырым түштүктө, Ческе-Будеевице шаарына жакын аймакта болгон.
Жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор, калгандары жеңил жаракат алышкан. Темир жол кыймылы толугу менен токтотулган.
Sprava zeleznic компаниясынын өкүлү Мартин Кавканын айтымында, бардык жүргүнчүлөр кырсык болгон жерден эвакуацияланды. Кагылышуунун себеби азырынча тактала элек. Учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.