Вьетнамдын борбордук бөлүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдын жана анын натыйжасында болгон сел жана жер көчкүлөрдөн кеминде 26 адам каза болуп, дагы 9 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, 16-ноябрдан 20-ноябрга чейин Даклак жана Кханьхоа провинциялары эң көп зыянга учурап, ар биринде 11 адам каза болгон. Мындан тышкары Данангда жана Зялайда 1, Хьюэде 2 адам набыт болгон.
Суу ташкындары Куангчи, Дананг, Куангнгай, Куангнгай, Кханьхоа, Зялай, Даклак и Ламдонг провинцияларында жана шаарларында 43 миңден ашуун үйдү каптап кеткен. Узакка созулган жаан-чачынга байланыштуу көптөгөн аймактарда дагы сел жана жер көчкү коркунучу өтө жогору бойдон калууда.