АКШнын Украина боюнча тынчтык планынын бардык пункттары жарыяланды

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Алексей Гончаренко кагылышууну жөнгө салуунун негизги аспектилерин камтыган пландын толук текстин жарыялады. Депутаттын айтымында, бул АКШ президенти Дональд Трамптын жаңы тынчтык планы болуп саналат.

Тынчтык планынын пункттары аскердик келишимдерге, экономикалык багытка, Украинаны калыбына келтирүүгө жана Орусиянын дүйнөлүк системадагы абалына байланыштуу.

Негизги пункттардын арасында Украинанын АКШдан коопсуздук кепилдигин алышы, НАТОго кирүүдөн баш тартуусу, армиянын санын кыскaртуусу, Крымды, Донецк жана Луганскты Орусиянын аймагы деп таануу бар.

Документте жалпысынан төмөнкү пункттар көрсөтүлгөн:

  • НАТО Украинада аскерлерин жайгаштырбоого макул болот;
  • Украина АКШдан коопсуздук кепилдиктерин алат;
  • Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санына чектөө киргизилет;
  • Украинанын Конституциясына өлкөнүн блокко кошулбаган статусу бекитилет, ал эми НАТО Украинаны альянска кабыл албай турганын тастыктайт;
  • Украинанын Куралдуу күчтөрү Донбасстын айрым аймактарынан чыгышы керек, бирок Херсон жана Запорожье облустарында азыркы фронт линиясы сакталат;
  • Тоӊдурулган орус активдеринин бир бөлүгүн Украинаны калыбына келтирүүгө багыттоо сунушталат;
  • Орусияга карата санкцияларды акырындап жумшартуу жана аны дүйнөлүк экономикага кайра интеграциялоо тууралуу жобо бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан