Япония тоолорунда 50дөн 70 жашка чейинки үч жүргүнчүсү бар жеке учак кулап түштү. Бул тууралуу TNC News басылмасы жазды.
Маалым болгондой, кырсык 18-ноябрь күнү эртең менен Фукуока префектурасындагы Хосино айылынын жанындагы тоолуу аймакта болгон. Бортто болгон жүргүнчүлөрдүн эч кимиси тирүү калган эмес.
Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, учак Сага префектурасынан Осака префектурасындагы Яо шаарынын аэропортуна багыт алган.
Макаланын авторлору белгилегендей, учактын кулашынан жана андан чыккан өрттөн кийин тоолордун үстүндө чоң кара түтүн пайда болгон. Ошондой эле күйүп кеткен учактын сыныктары кулаганда айлананын баарына чачылып кеткен.