Индиялык аскердик учак Дубайдагы авиашоу учурунда кулап түштү (видео)

Индиялык аскердик учак Дубайда өткөн авиашоу учурунда кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Associated Press жазгандай, кырсык Dubai Airshow 2025 учурунда демонстрациялык учуу маалында болгон. Каза болгондор же жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.

Tejas — бул Hindustan Aeronautics Limited (HAL) компаниясы чыгарган Индиянын төртүнчү муундагы көп максаттуу аскердик учак. Ал абадан колдоо көрсөтүүгө жана жер үстүндөгү операцияларга согуштук жардам берүүгө арналган.



AP: Индиялык аскердик учак Дубайдагы авиашоудо кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан