Катышуучуларга жалаяк кийгизилген... Кытайда төшөктөн турбай жатуу сынагы жыйынтыкталды

Кытайда төшөктөн турбай жатуу боюнча сынак жыйынтыкталды. Анда жеңүүчү 33 саат 35 мүнөт жатып, рекорд жаратканын чет элдик басылмалар жазышты.

Мунун менен ал дүйнөдөгү эң жалкоо адам аталган. Сынакка 240 адам катышкан. Алардын 186сы 24 саат чыдай алышкан.

Сынактын катышуучуларына телефон колдонууга, китеп окууга, тамак-ашка буйрутма берүүгө, оодарылууга уруксат берилген. Бирок төшөктөн турууга, жадакалса дааратканага барууга тыюу салынган. Эрежени бузбоо үчүн аларга алдын ала жалаяк кийгизилген.

Жыйынтыгында жеңүүчүгө 3000 юань (болжол менен 422 доллар) берилген. Сынак Батоу шаарындагы соода борборлорунун биринде болгон.

Кытайда төшөктөн турбай жатуу сынагы жыйынтыкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан