Мальта өкмөтү жаштарга спорт залга 6 айлык акысыз абонемент берет

2026-жылдан тарта Мальта өкмөтү 16 жаштан 21 жашка чейинки бардык жаштарга спорт залга алты айлык акысыз абонементтерди бере баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, иш-чаранын негизги максаты - мальталык жаштар арасында спортко кызыгууну арттыруу жана ден соолукту чыңдоо. Программага 2004–2009-жылдары төрөлгөн, акыркы бир жылда бул мүмкүнчүлүктү колдонбогон жаштар кирет.

Бул кадам - 2026-жылга карата түзүлгөн бюджетте жаштарга багытталган кеңири чаралардын бир бөлүгү экендиги кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан