БШК шайлоого дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:

  • Индиянын Шайлоолор боюнча комиссиясынын;
  • Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Индонезиянын Ташкент шаарындагы элчилигинин;
  • Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин;
  • Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү.

Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Ал эми кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан