Владимир Путиндин кортежи атчандардын коштоосунда Ынтымак-Ордого келди (видео)

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Орусиянын президенти Владмир Путиндин кортежи атчандардын коштоосунда Ынтымак Ордо имаратынын алдына келди. Бийик даражалуу конокту мамлекеттик сарайдан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Ынтымак Ордонун флагштокторуна Кыргызстандын жана Орусиянын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.

Президенттер бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.

Владимир Путиндин кортежи атчандардын коштоосунда Ынтымак ордого келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан