Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ынтымак-Ордодогу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүүнү арттырууга багытталган.
Эки өлкөнүн лидерлери бүгүн, 26-ноябрда Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин ортосундагы стратегиялык пландоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Орусиядагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында Орусиянын туңгуч президенти Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө макулдашуу;
- Министрлер кабинети менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кардиология жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому менен “Россия почтасы” акционердик коомунун ортосундагы ниеттер жөнүндө макулдашуу.