Камчыбек Ташиев Чүйдө мамлекетке өткөн объекттерди тизмеледи

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүйдө мамлекетке өткөн объекттерди тизмектеди. Бул тууралуу ал УКМКнын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде айтты.

"Камчы Көлбаевге тиешелүү 30 миллион долларга бааланган 850 батир мамлекетке кайтарылды. Алар ипотека аркылуу элге берилип жатат. Андан тышкары, Чүй облусунда жеке колго өтүп кеткен "Кыргыз Тоо Таш" заводу, "Камволдук кездеме комбинаты" сыяктуу объекттер бар. Чүй облусунун өзүндө эле 100дөн ашык объект кайтарылды. Спорттук, медицина мекемелери бар.

“Аю" холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун Аламүдүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 миллиард сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылган. Бул акыркы 4-5 жылда жасалган жумуштар",- деди УКМК башчысы.

Эске салсак, Шаршенбек Абдыкеримов 2023-жылы 8-сентябрда сыртынан камакка алынган. Учурда Абдыкеримов кайда экени белгисиз. УКМК сентябрда Абдыкеримовго таандык бир катар ири объекттер мамлекетке кайтарылганын маалымдаган.


Камчыбек Ташиев Чүйдөгү мамлекетке өткөн объекттерди тизмеледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан