Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келгенде Садыр Жапаровдон кечиккендиги үчүн кечирим сурады.
"Иштеп жаттык, кечирип кой кечигип калганыма",- деди Лукашенко.
Ал эми Садыр Жапаров: "Эч нерсе болбойт, иштеш керек",- деп жооп берген.
Интернет колдонуучулары бул видео боюнча жылуу пикирлерди жазышууда.