Адылбек Касымалиев Берлинге жумуш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Берлин шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жумуш сапарынын алкагында ал “Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү” деген темада боло турган кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз тараптан Адылбек Касымалиевдин тең төрагалыгы алдында өтүүчү кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Берлинге болгон жумуш сапарынын алкагында ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, “Кыргыз почтасы” ААКынын эл аралык логистикалык борборуна барат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан