Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Берлинге барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Берлин шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал "Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү" деген темадагы кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Берлинге болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле "Кыргыз почтасы" ААКнын эл аралык логистикалык борборуна бармакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан