Борбордук шайлоо комиссиясы №22 жана №24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунова жана Гүлназ Халилованын каттоолору жокко чыгарылганын билдирди.
БШК Акунова шайлоого катышуудан баш тартуу арызын 26-ноябрда жазса, Халилова 27-ноябрда бергенин белгиледи.
Буга чейин БШК аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Бишкек шаарлдык милициясы Халилованын үгүтчүлөрү добуш сатып алууга шектелип кармалганын билдирсе, Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов добуш сатып алуу иштерин уюштурууга шектелип, аларга издөө жарыяланганын кабарлаган.