Путин: "Садыр Жапаров ишенимдүү дос жана өнөктөш" (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаров менен болгон мамилеси тууралуу Орусия-Кыргыз телеканалы "НОМАД ТВ"га берген интервьюсунда айтып өттү.

Биз жакшы мамиледебиз, ал ишенимдүү өнөктөш жана дос",- деген Орусия лидери.

Ал мамлекеттер арасындагы мамилени – маданиятка жана тилге болгон урмат сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарга негизделген достук деп белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Орусияны бириктирген орус тили экенин да баса белгилеген.

Белгилей кетсек, Путин Кыргызстанга үч күндүк мамлекеттик сапары менен келип кетти.



Путин: "Садыр Жапаров ишенимдүү дос жана өнөктөш"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан