Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына №2 шайлоо округунан талапкер Ырысбек Атажановго 27 миң 500 сом айып пул салынганын билдирди.
Маалыматка ылайык, анын үгүт жүргүзүү шарттарын бузганы аныкталган. Талапкер шайлоочулар менен мечиттин аймагында жолугушуу өткөргөн. Буга шайлоо мыйзамы жол бербейт. Ошондой эле анын үгүт баннери Эшме айылына кире бериштеги аркага орнотулган. Муну менен талапкер мыйзамдагы тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынат деген талапты бузган.
БШК Атажановго эскертүү берилгенин да кошумчалады.
Бир ай мурун социалдык тармактарда Атажановдун тарапташынын чогулгандарды аталган талапкерди колдоого үндөгөн видеосу тарап, Баткен облустук милициясы тарабынан текшерүү жүргүзүлө баштаган.