БШКда КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары чогулду

Бүгүн, 29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын делегациясы менен жолукту.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Шайназаров шайлоого даярдыктын жүрүшү, жаңы система боюнча добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана процесстин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган чаралар тууралуу маалымат берди. Ал эл аралык байкоочуларга алардын катышуусу жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, объективдүү мониторингдин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле өзгөчө көңүлдү шайлоочулардын катышуусуна буруп, бул шайлоо процессиндеги маанилүүлү багыт экендигин кошумчалады.

КМШ ПААсынын Кеңешинин катчылыгын жетекчиси – Башкы катчы Дмитрий Кобицкий Кыргызстандагы шайлоого даярдыктын жогорку деңгээлин белгилесе, аталган уюмдун эл аралык байкоочулар тобунун координатору Ватанзода Махмадали байкоо жүргүзүү үчүн 36 өкүл — кыска жана узак мөөнөттүү байкоочулар келишкенин билдирди. Ал байкоо көпчүлүк участоктордо жүргүзүлөрүн айтып, добуш берүү тынч жана уюшкандыкта өтөрүнө ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участокторунун иши, жаңы жабдуулардын киргизилиши, үгүт учурундагы бузууларды каттоо тартиби жана арыз-даттанууларды кароо процедуралары боюнча бир катар суроолорду беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан