Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо чет жакта уюштурулган тилкелерде кандай башталат?

Бүгүн, 30-ноябрда саат 8:00дө өлкө боюнча шайлоо участоктору ачылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагында ишке киришти. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өлкө боюнча добуш берүү башталгандыгына байланыштуу УТРКнын түз эфиринде брифингде сүйлөдү.
Ал белгилегендей, чет өлкөлөрдө добуш берүү да активдүү темп менен жүрүп жатат. Алгач Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы шайлоо участоктору Бишкек убактысынан 6, 5, 4 саатка эрте иштей башташты. Андан соң добуш берүү Чыгыш Азия өлкөлөрүндө – Японияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда жана Монголияда башталды. Бул өлкөлөрдө убакыт айырмасы 2–3 саатты түзөт. Айырмасы 1 саат болгон мамлекеттерде дагы добуш берүү активдүү жүрүүдө. Айрым өлкөлөрдө участоктор Бишкек убактысынан 3–4, 5–6 саат кеч ачылат, ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө – 11, 12 жана 14 саатка чейин кеч ачылат.
Айта кетсек, шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 миллион 294 миң 243 жаран киргизилди. Ал эми өлкө боюнча жалпы 2492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу өз ишин баштады.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан