Шайлоо-2025. Кечээ жайдан тышкары 9318 шайлоочу добуш берүүгө катышты

Кечээ, 29-ноябрда жайдан тышкары 9318 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Жалпы 1332 участкалык шайлоо комиссиясына 10 335 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров УТРКнын түз эфиринде брифингде билдирди.
Арыздар ден соолугу, жаш курагы, мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсү же башка жүйөлүү себептерден улам участокко келе албай турган жарандардан келип түшкөн.
"Бардык жол-жоболор Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык так аткарылды", - деп баса белгиледи Шайназаров.
Өлкө аймагы боюнча 2492, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштеп жатат. Учурда жалпы 461 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоочулар талапкерлердин бирөөсүнө гана добуш бере алат. Ал эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан