Ош облусундагы бардык шайлоо тилкелер саат 8:00дө ачылып, ишин баштады. Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районундагы №5220 шайлоо тилкесинде атуулдук милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аралыктан добуш берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кыфзматы билдирди.Учурда жалпы 461 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоочулар талапкерлердин бирөөсүнө гана добуш бере алат. Ал эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.
Айта кетсек, шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00 гө чейин иштейт.