
Тышкы иштер министрлиги Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата парламенттик шайлоодо 10дон ашык мамлекетте 1559 адам добуш бергенин билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Орусия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия, Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистанда түзүлгөн 40 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат.
Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн добуш берген жарандарынын саны 1559 адамды түздү.
Эскерте кетсек, чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. Убакыттагы айырмадан улам айрым чет өлкөлөрдөгү мекемелерде өнөктүк кечирээк башталат.
Акыркы болуп шайлоо процессин АКШнын Сан-Франциско шаарындагы шайлоо тилкеси жыйынтыктайт (Бишкек убактысы боюнча 1-декабрь, саат 10:00дө).