БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берди 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №9134 шайлоо участогунан добуш берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, төрага аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланды, анткени ал шайлоочу катары №8 шайлоо округунда (Ош облусу) катталган.

Шайназаров добуш берүү менен бирге шайлоочу 3 документтин бири аркылуу добуш бере алары тууралуу маалымат берди. Алар: эл аралык паспорт, ички ID паспорту жана "Түндүк" тиркемеси аркылуу. Ал эми төрага "Түндүк" тиркемесиндеги документи менен идентификациядан өтүп, добуш берди.

Тынчтык Шайназаров бардык тилкелерде АСУ кынтыксыз иштеп жаткандыгын, айрым учурда гана адам фактору кезигиши мүмкүн экендигин айтып, шайлоочуларга добуш бергенден кийин бюллетенди бүктөбөй салуу керектигин эскертти.

Ошондой эле ар бир шайлоочу бир гана жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан