Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 14:00гө карата 815 миң 766 адам добуш берип жетишти. Бул көрсөткүч менен шайлоочулардын 19 пайызы добуш берди.
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо республика боюнча жалпы 2 миң 492 шайлоо тилкеси, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси иштеп жатат.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 миллион 294 миң 243 жаран киргизилген.