Энергетика министри шайлоого байланыштуу бир катар тапшырмаларды койду

Бүгүн, 30-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев министрликтин борбордук аппаратынын, энергокомпаниялардын жана мекемелердин тийиштүү жетекчилерине онлайн жана оффлайн форматында жыйын өткөрдү.
Министрликтен билдиргендей, анда энергетиктер шайлоого карата жоопкерчилик менен күчөтүлгөн режимде иш алып баруусу керектигин тапшырды.
Министр тийиштүү жетекчилерге энергообъектилердин бардык иштерин тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин эскертти. Ошондой эле шайлоо тилкелерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин министр өзү көзөмөлдөп жатканын билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө энергокомпаниялардын жетекчилери учурда өчүрүүлөр катталбагандыгы, электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн штаттык режимде иш жүрүп жатканы тууралуу маалымат беришти.
Ибраев учурда аба ырайы сууктай баштаганына байланыштуу калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо ишин өзү көзөмөлгө аларын билдирип, ар бир энергетикти эл алдындагы милдетин так аткарууга чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан