Садыр Жапаров биринчи айым менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди (сүрөттөр)

Бүгүн, 30-ноябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берди. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, президент жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо участогунда өз добуштарын салышты.

Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин президент ЖМК үчүн билдирүү жасап, анда шайлоодогу добуш берүү процесси толугу менен автоматташтырылганын баса белгиледи. Башкача айтканда, мурдагыдай болуп, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келиши мүмкүн болгон адам факторунун кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

Ал ошондой эле чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерине көңүл бурду. Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн өлкө тышында 100гө жакын, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарында, Орусияда, Казакстанда, Европа өлкөлөрүндө участоктор ачылган.

"Парламенттик шайлоого активдүү катышып, шайлоо тилкесине “Кыргызстандын келечеги менин добушумдан көз каранды” деген ишеним менен келиңиздер”, - деп баса белгиледи.

Садыр Жапаров жана шайлоочуларды мамлекеттин таза шайлоо өткөрүү аракетин колдоого, добуш берүүгө активдүү катышууга жана жарандык милдеттерин аткарууга чакырды.

Айта кетсек, өлкө аймагы боюнча 2492, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштеп жатат. Учурда жалпы 461 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоочулар талапкерлердин бирөөсүнө гана добуш бере алат. Ал эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан