Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди

Бүгүн, 30-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, Касымалиев өзүнүн добушун Бишкек шаарындагы №26 жалпы билим берүүчү орто мектепте жайгашкан №1123 шайлоо участкасында берди.

Айта кетсек, өлкө аймагы боюнча 2492, ал эми чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштеп жатат. Учурда жалпы 461 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 30 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоочулар талапкерлердин бирөөсүнө гана добуш бере алат. Ал эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.
Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан