Кезексиз парламенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан бери БШКга 261 арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров саат 18:00гө карата берген маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, үгүт иштерин бузуу боюнча 124, талапкерлердин ар-намысына шек келтирүүдө 37, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 8, добуш сатып алуу тууралуу 42 жана башка укук бузуулар 51.
"Бүгүн, 30-ноябрда шайлоочулардын добушун сатып алуу көбөйдү. Тийиштүү укук коргоо органдары иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат. Мыйзам боюнча бүгүн, эртең ар бир кайрылуу боюнча тиешелүү иликтөөлөр жүргүзүлүп, укуктук баа берилет. Прокуратура тарабынан ал чечимдердин мыйзамдуулугу текшерилет", - деди Шайназаров.