БШКнын төрагасы 8 кесиптеши шайлоого байкоочулук кылып жатканын билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өлкөдө өтүп жаткан кезексиз парламенттик шайлоого байкоочу катары 8 мамлекеттин БШКсынын төрагалары катышып жатканын билдирди.

Ал бирок кайсы өлкөлөрдүкү экенин тактаган жок. Ошондой эле Шайназаров 58 мамлекеттин өкүлдөрү байкоочу катары катышып жатканын кошумчалады.

"ШКУ өңдүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстандагы 18 мамлекеттин элчиликтеринен 69 байкоочу катышууда. Алар өлкө аймагындагы жер-жерлердеги шайлоо участокторуна барышып, байкоо жүргүзүп жатышат", - деди Шайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан