Текебаев Германияда парламенттик шайлоого канча кыргызстандык катышканын айтты

Германияда эмгектенген 60тай кыргызстандык кезексиз парламенттик шайлоого катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал айтылган көрсөткүч 6 саат ичинде болгонун белгиледи. Тагыраагы, саат 8:00дөн 14:00гө чейинки аралык.

"Бул мурунку шайлоолорго караганда көп. Анын себеби, бизнес-форумга келген кыргызстандыктар, турист болуп келген мекендештер да эчиликке келип добуш берип жатышат. Ошонун эсебинен мурункуга салыштырмалуу көп. Негизинен Германияда 20 миңден ашуун кыргыз жараны бар", - деди Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан