Чет өлкөлөрдөгү 17 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу кезексиз парламенттик шайлоого карата 34 өлкөнүн 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси түзүлгөнүн билдирди.

Ал Бишкек убактысы боюнча саат 18:00гө карата чет жактардагы 17 тилкеде добуш берүү аяктаганын айтты.

"Учурда чет мамлекеттердеги 77 шайлоо тилкесинде добуш берүү улантылууда. Ал арада АКШда 6 шайлоо тилкеси ачылуу алдында. Чет өлкөлөрдө добуш берүүнү акыркы болуп Сан-Франциско шаарындагы шайлоо тилкеси аяктайт. Саат 18:00гө карата чет мамлекеттерде жүргөн 17 миң 147 кыргызстандык добуш берди", - деди Жумакадыр уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан