Ички иштер министрлигине шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 79 билдирүү түшкөнүн министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов брифингде билдирди.
Анын айтымында, бул билдирүүлөрдүн ичинен:
- 28и Бишкекте,
- 15и Чүй облусунда,
- 6сы Ош шаарында,
- 6сы Ысык-Көл облусунда,
- 6сы Нарын облусунда,
- 6сы Ош облусунда,
- 5и Жалал-Абад облусунда,
- 5и Баткен облусунда,
- 2си Талас облусунда.
"Бардык билдирүүлөр кылдаттык менен каралып жатат. Олуттуу мыйзам бузуулар жок. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө турушат", - деди ал.
Макилов билдирүүлөр добуштарды сатып алуу жана шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча башка иштерге тиешелүү экенин белгиледи.